Конкурс

03.04.2026, 12:50

Кароолор (2)

Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн аймагында тамчылатып сугаруу системасы менен көп жылдык бак дарактарды отургузуу үчүн айыл чарба багытындагы жерлер конкурс аркылуу ижарага берилет..

 

Конкурстун шарттары

 

  1. Баяндоо бөлүгү 

“Жашыл Мурас” Улуттук компаниясын ишке ашыруу, бак-дарактардын аянтын кеңейтүү, климаттын өзгөрүүсү, жердин деградациясы жана абанын булгануу тобокелдиктерин азайтуу максатында айыл өкмөтүнүн аймагындагы жабыркаган кунарсыз (деградация) болгон жана түшүмдүүлүгү төмөн (малопродуктивный) жерлерге интенсивдүү бакчаларды уюштуруу, муниципалдык токойлорду калыбына келтируу үчүн Кызыл-Туу айылынын Кең-Сай участогунан 300 га жер аянты ажыратылып, айыл чарба багытындагы күрдүүлүгү аз 125,0 га жер аянтына Ренспубликалык бюджеттен тамчылатып сугаруу системалары орнотуулуп, 30 миң даана мөмөлүү дарак алынган. Аталган жерди ижарага алууну каалаган жеке жана юридикалык жактарга сугаруу системасы жана көчөттөр кайтарымсыз түрдө акысыз берилет. 

Конкурска катышуучуга коюлуучу талаптар: 

- Ижарачы ижарага алынган жер участкасынын асылдуулугун жана абалын жакшыртуу боюнча мелиоративдик жана башка иштерди өз каражатынын эсебинен жүргүзөт. 

- Жер участкасын пайдалангандыгы үчүн ижара акысын жана башка төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө (ижара акы биринчи жылга 1 га жер үчүн 1500 сом);

- Кургап калган ар бир көчөтү өз эсебинен жаңы отургузат.  Келишимден баш тарткан учурда айыл өкмөттөн алынган көчөттөрдү толугу менен өткөрүп берет. 

- Кургап калган көчөттөрдүн ордуна жаңы, ошол сорттогу көчөт алып берүүгө милдеттенме алуу боюнча кепилдик кат. 

- Пайдага чыкан күндөн тартып 30 пайызын айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык мекемелерине (мектеп, бала бакча, ФАП, ооруканалардын) имараттарын учурдагы оңдоп түзөө иштерине  жана ишмердүүлүгүн колдоого ачылган атайын эсепке келишимдин негизинде төлөйт. (Төлөнбөгөн учурда ижара келишими бир тараптуу жокко чыгат) 

 - Конкурска катышуу үчүн арыздар 2026-жылдын 1-майына чейин кабыл алынат. Конкурс айыл өкмөтүнүн администрациясынын жыйындар залында өткөрүлөт. Конкурска катышууга талап кылынуучу документер  

- Арыз (Келечек планы менен)

- Паспортун көчүрмөсү, юридикалык жактын каттоо күбөлүгү 

- Салык, камсыздандыруу жана ижара акыдан карызы жоктугу жөнүндө тактама.

- Кепилдик төлөм төлөнгөндүгү туралуу квитанциянын көчүрмөсү.   

Кепилдик төлөм төмөнкү учурларда кайтарылып берилбейт:
- жеңүүчү тооруктун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баштартканда;
- жеңүүчү келишимин түзүүдөн баш тартканда. 

Баарымтанын өлчөмү баштапкы сумманын 10% түзөт.

Баарымта төлөө үчүн банктык реквизит

Ноокен району Бүргөндү-Достук айыл өкмөтү

Ө/э:   4408061253005958

Төлөм коду 14511900

Маалымат үчүн байланыш Тел: 0771 51 95 55 Баяман